Түркияда чыккан токой өртү толугу менен көзөмөлгө алынды

Түркиядагы токой өрттөрүнүн бардыгы толугу менен көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары айыл чарба жана токой министри Бекир Пакдемирлинин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышкан.

Июль айынын аягында Түркияда токой өрттөрү катталган. Алгачкы токой өртү Манавгат аймагында 28-июлда орун алган. Анда 10 күн аралыгында өрттүн 21 очогу катталган. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгондугу маалымдалган. Ал эми 1-августта Бодрум, Адана, Кайсери, Мерсин аймагында да токой өрттөрү катталган. Натыйжада Бодрумдагы бир канча мейманканадагы коноктор эвакуацияланган.

Ал эми 31-июлда өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган токой өрттөрүнө күнөөлүү жаран колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Буга чейин жергиликтүү тургундар абал тууралуу социалдык тармактарга бөлүшкөн пикирлери жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан