Түркияда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 17ге жетти

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги провинциялардагы селден 17 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган Телеграм каналына билдирди.

Учурда жаратылыш кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.
"Кастамону, Синоп жана Бартин провинцияларында болгон селдин кесепетинен каза болгон 17 жараныбызга көңүл айтам" деп жазып калтырган Эрдоган.
Буга чейин табигый кырсыктын кесепетинен 600 адам эвакуация болуп, 300 калктуу пункт электр жарыксыз калганы айтылган. Ошондой эле Кастамону провинциясындагы Бозкурт шаарында бир катар көп кабаттуу үйлөр ураган. Учурда куткаруу иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан