Молдовада мамлекеттик кызматкерлер массалык түрдө иштен алынды

Молдованын премьер-министри Наталья Гаврилица министрликтердин дээрлик бардык мамлекеттик катчыларын, айрым мамлекеттик департменттердин жана агенттиктердин жетекчилерин кызматтан алды. Аны менен катар Молдованын Орусиядагы элчиси Владимир Головатюк кызматтан бошотулду. Башкы прокурор да кызматтан алынышы мүмкүн деп жазылат маалымат булактарда.

Ал арада айрым чиновниктер өз каалоолору менен отставкага кетүү тууралуу арыз беришкен. Өкмөт арыздарды кабыл алган. Кызматтан өз каалоосу менен кеткендердин арасында Жер мамилелери жана кадастр агенттигинин башчысы Анатолий Гилаш да бар болгон. Гилаштын кымбат кыймылсыз мүлкү жана бизнеси жөнүндө, анын ичинде аялынын фирмасы жолдорду оңдоо боюнча ири тендерди утуп алгандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары бир нече жолу жазып чыгышкан. Эсеп палатасынын аудиторлору муну бааны жогорулатуу деп эсептешкен. Бирок эч ким жоопко тартылган эмес.

"Гилаштын жана башка бир нече кызматкерлердин кетиши саясаттын жаңыланышы менен байланыштуу. Ооба, өкмөт баарын кайра башынан баштагысы келет. Бирок бул жерде адаттан тыш эч нерсе жок, кадимки бийликтин алмашуусу сыяктуу эле. Эл саясий элитанын алмашуусун эмес, жашоонун жаңы моделин каалашат", - дейт саясат таануучулар.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raikakyz
2021-08-13 11:04:10
Бизде да ушинтип керек эле, эскилерди ыргытып жаңы буюм иштеткендей эле кеп да. Жаш кадрларды алып келиш керек болчу саясатка.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан