"Эч кандай дообуз жок дегенине карабай...". Токтогулда өз апасы менен таенесине зомбулук көрсөткөн жаран 2 жарым жылга соттолду

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 31 жаштагы жаран өзүнүн апасы менен таенесине мас абалда зомбулук көрсөткөн. Жерине барган милиция кызматкерлеринин талаптарына дагы баш ийбей каршылык кылган жаранга карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында айтылат.

Окуянын чоо-жайы:

2021-жылдын 21-май күнү саат 17:30 чамасында айыпталуучу Токтогул шаарындагы таенесинин үйүнө барып, ал жерден өзүнүн апасы менен таенесине зомбулук көрсөткөнүнө байланыштуу, апасы тарабынан милиция кызматкерлери чакырылган. Ал жерине барган милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, Токтогул РИИБинин кызматкерлерин муштуму менен оозуна уруп, андан кийин жыгачтан жасалган отургуч менен урган.

Айыпталуучу 1990-жылы Токтогул шаарында туулган, улуту кыргыз, орто билимдүү, бойдок, убактылуу эч жерде иштебейт.

Соттук териштирүүдө айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, окуя тууралуу эсинде жок экендигин көрсөткөн

"Мен мас абалда болгон үчүн ушундай жагдай болуп кетти, так окуяны билбейм", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.

Соттук отурумда жабырлануучу төмөнкүлөрдү билдирген:

"Уулум үйгө мас абалда келип мени, таенесин уруп, тополоң салып жатканда аргасыздан "102" кызматына чалгам. Ал оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, ооз жагыма уруп салган. Үйгө келген милиция кызматкерлери келгенде, жерде турган жыгач отургучту колуна алып аларды көздөй ыргыткан, анан аны кармап Токтогул РИИБине алып кетишкен. Айыпталуучу балама бүгүнкү күндө эч кандай доом жок", - деп билдирген ал.

Жабырлануучу таенеси дагы ушундай эле мазмунда көрсөтмө берип, айыпталуучуга эч кандай доосу жоктугун көрсөткөн.

Өкүм:

"Сот жазык ишинин материалдарын изилдеп, жабырлануучулар жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнөн сырткары соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу, окуя болгон жерди кароо протоколу, далил буюмдар жана башка жагдайлар боюнча анын күнөөсү далилденди. Натыйжада 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратуу тууралуу чечим кабыл алынды", - деп жазылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан