Буга чейин Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда барымтада адамдар бар экенин жана жардыруучу зат коюлганы боюнча жалган маалымат берген аял кармалган. Ал СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы шектүү аял 22-августка чейин камакта калтырылды.
Белгилей кетсек, 9-августта борбор калаада жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунда эл эвакуацияланып, имараттын айланасы курчоого алынган. Көп өтпөй аталган соода борбордун кызматкери, бомба жана барымтада адамдар бар деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, аялдын мындай ишке баруусуна аталган соода борбордо иштеген күйөөсү менен урушуп кеткени себеп болгон", - дешкен аталган комитеттен.