"Унаа" мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2015-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнө ташууга тыюу салынган оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруунун туруктуу каналына бөгөт коюлган.
"Жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Ак-Тилек" жол көзөмөлдөө пунктунун кире беришинде 15 жеңил автоунаа менен 2 оор жүк ташуучу унаалар токтотулган, текшерилгенде булар үчүн транспорт каражаттарынын каттоо (кайра каттоо) күбөлүктөрү, 2021-жылы эки айдын ичинде, тагыраагы июнь-июль айларында Чүй облусундагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү тарабынан берилген. Ошол эле учурда алардын кээ бирлеринин кузовдорунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөргө дал келген эмес", - деп билдиришти аталган мекемеден.
УКМК белгилегендей, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынан Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти дагы (ТКАКД) аныкталган коррупциялык схемага аралашкан.