Түркияда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 27ге жетти. Издөө-куткаруу иштери уланууда

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги провинциялардагы сел каптоонун кесепетинен каза болгондордун саны 27ге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктарды башкаруу департаментинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Учурда жаратылыш кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.
"Кастамонуда каптаган сел жана суу ташкындары 25 кишинин өмүрүн алды, экөө Синопто каза болуп, бирөө Бартинде дайынсыз болду", - деп жазылат аталган мекеменин маалыматында.
Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзүнүн Телеграм каналындагы баракчасына табигый кырсыктын кесепетинен 17 адам каза болгонун билдирип, алардын жакындарына көңүл айткан.
Айта кетсек, табигый кырсыктын кесепетинен 600 адам эвакуация болуп, 300 калктуу пункт электр жарыксыз калганы айтылган. Ошондой эле Кастамону провинциясындагы Бозкурт шаарында бир катар көп кабаттуу үйлөр ураган. Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Leonardo_
2021-08-13 13:04:39
Акыр заманга Саналуу убакыт кылды Деп Пайгамбарыбыз ыйлаган эле Андан бери 5 миң кылым өттү чындыгын Аллах билүүчү Имам Махдини Кебир Алымдар Пайда болду дешүүдө ИМАМА МАХДИ Пайда болду деегенде бүттү дей бергиле Кыяматтын Башка Белгилери Биринин Артынан Бири Тизилген мончочтун шрусундай эле бирин артына бири бат эле келет
-3
nazira...
2021-08-13 20:26:39
Leonardo_,Астафиралла де. Ошо мончоктун жибин бирөөсү үзүп коет заране.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан