Орусиянын Воронеж аймагындагы соода борборлорунун биринин жанында токтоп турган автобус жарылып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жарыялады.
Маалыматка ылайык, 35 жүргүнчүнү ташып бара жаткан автобустун ичинде бир дагы бош орундук болгон эмес. Жарылуу учуру каршы тарапта турган унаанын видеокамерасына түшүп калган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, жарылуудан 16 жүргүнчү оор жаракат алып, 1 аял жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Анын бир буту жулунуп кеткени айтылган. Ошондой эле 3 адам жандандыруу бөлүмүндө, бирөө операцияда жатканы маалымдалды.
Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматы жарылууга газ жабдуулары себеп болгонун билдирди. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташыган компаниянын жетекчилиги бардык автобустары дизель менен иштерин айтышууда.
Ал эми Тергөө комитети коопсуздук талаптарына жооп бербеген унаалар менен кызмат көрсөткөндүгү үчүн аталган компанияга кылмыш ишин козгогон.