Бүгүн, 13-августта президент Садыр Жапаров вакцинанын экинчи дозасын алды.
"Жаңы конуштардагы чогулушта 200дөн ашык адам менен жолуктум. Ким вакцина алды деп суроо берсем, 10 адам кол көтөрдү. Бул 5 пайызды дагы түзбөйт. Активдүү болуп вакцина алалы. Качан гана вакцина алганда бул оорудан кутулабыз. Оору менен оюнчук ойногондой ойнобогула", - дейт президент.