Окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгеси министрликте талкууланат

Бүгүн, 13-август күнү өлкө боюнча жаңы окуу жылынын башталышына арналган маалымат жыйын болуп өттү.

Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесин мыйзамдаштыруу сунушу болбогонун билдирди.

"Экономикабыз тезирээк өнүгүп, Финансы минстрлигинде мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртканга көбүрөөк каражаттар болуп, ар бир облус, район, шаарлар тез өнүксө анда биздин мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого эч кандай көйгөйлөр болбой калмак. Бирок ушул коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдын негизинде бир катар мектептерде билесиздер коомдук уюмдар, фонддор бар. Ошолорго мыйзам боюнча ата-энелер өз ыктыяры менен мүмкүнчүлүгүнө карап жардам бериши керек.

Бирок ата-энелер ошол фонддорго билбей эле кирип алышабы же өз ыктыяры мененби, айтор кирип алышат дагы андан соң бизге абдан көп арыздар түшөт. Ата-энелерди түшүнөбүз, бир кырдуу эмес кырдаал. Ушул кырдаалдан чыгуунун бир гана вариантын талкуулап, карап көрбөйлүбү дегенбиз. Кандайдыр бир токтом же буйрук менен бекитилген эмес. Коомчулук менен талкуулап көрөлү, балким, биз сунуштаган жол ушул кырдаалдан чыгуунун бир варианты болор деген демилге менен гана айтканбыз.

Бирок анын азыр укуктук бир базасы жок. Учурда Билим берүү жана илим министрлигинде атайын жумушчу топ түзүлүп жатат. Эмне үчүн шашпай түзүлүп жатат? Анткени бир дагы керектүү адам топко кирбей калбасын деп жатабыз. Мисалы, жакшы эксперт, финансист, укук коргоочулар, практиктер. Баарыбыз ата-энебиз, ошондуктан биздин коомдо билим берүү процессине кайдыгер караган бир да адам жок.

Анда келгиле бирге башка жолун карап көрөлү. Биздин президентибиз айтып жатса, демек, бул вариантка укуктук кандайдыр бир негиз жок экен. Демек, башка бир жакшы, ата-энелер тарабынан арыз болбой, алар кыйналып калбагандай, мектептин дагы материалдык-техникалык базасы бузулбай жакшы окуу-процесси жүрүш үчүн анда башка жолун издешибиз керек экен", - деп билдирди Жусупбекова.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев мектептерде окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгеси киргизилиши мүмкүн экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2021-08-13 16:15:12
Качан гана билим алуу бекер болуп, билимдүү адамдар жоопкерчиликтүү ишке келе баштаганда мамлекетибиз өнүгөт.
+1
nazira...
2021-08-13 20:19:59
Азыркы ата энелерге кыйла эле жакшы мурункуга караганда. Убагында биз поголовно берет элек үч балан окуйбу, бир балаң окуйбу ага карабай. Ал убакта учебниктери эле канча турчу эле Каргап гана карматат элек, ошол акчалар жукту бекен кл.руководит.менен директоруна.
0
Altyn10076
2021-08-14 06:00:53
Ошондо ажобуз айтып жатабы элди ойлобой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан