Жалал-Абад облусунун Каба айылында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Базар-Коргон районундагы Каба айылынын Шайдылда-Абайылда көчөсүндө жайгашкан шифер жабылган турак үйдүн чатыры, 105 чарчы метр 2 кабаттуу сарай, 1090 түк чөп толугу менен күйгөн.
Өрт жакын жайгашкан турак үйдүн сарайына өтүп, аянты 100 чарчы метр болгон шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын чатыры жана ошондой эле 450 түк чөп толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 12:17 толук өчүрүлдү.
Өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.