Ооганстанда "Талибан" кыймылынын күч алганына байланыштуу АКШ элчиликтин кызматкерлерин жана акыркы жыйырма жылдын ичинде америкалык аскерлерге жардам берген оогандыктарды эвакуациялоо үчүн Кабулга 3 миң аскер жөнөтөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Президент Кабулдагы биздин элчиликтин кызматкерлерин кыскартууну жана Ооганстандан атайын иммиграциялык виза алгандарды өлкөдөн тезирээк чыгарууну буйруду.
Үч жөө аскердик батальон бара жатат жана жакынкы 24 саат ичинде Кабулда болот", - деп Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби кезектеги брифингде билдирген.
Ага улай АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматынын башчысы Нед Прайс, элчилик жабылбай тургандыгын жана дипломатиялык иштерин уланта берерин айткан. Ошондой эле АКШ Ооганстандагы миссиясынан баш тартып жатат деп кароого болбостугун кошумчалаган.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын аба күчтөрү Ооганстандагы "Талибан" кыймылына каршы абадан бир нече жолу сокку урган жана ооган коопсуздук күчтөрүнө 31-августка чейин абадан колдоо көрсөтөрүн билдиришкен.