Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында өспүрүмдөрдүн коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери жайкы каникул маалда ата-энелерге балдарына көзөмөл кылуусун эскертип, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле коопсуздукту сактоо максатында район аймагындагы кооптуу болгон аймактарды кылдат текшерип чыгып, жергиликтүү бийлик органдарына, суу чарба ишканасына, өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуштарды берүүдө.
"Шар аккан суулардын, кооптуу болгон көлмөлөрдүн дарыялардын бойлорунда жашаган үйлөргө жалпысынан 210 акт түзүлүп, ата-энелерге тапшырылды. Жыл башынан бери Кадамжай районунун аймагында өспүрүмдөрдүн 9 сууга чөгүү фактысы катталып, 7 өспүрүм каза болгон. Ата-энелердин кайдыгер мамилесинен, көзөмөл жоктугунан улам мындай кокустуктар болуп, 3 жашка жетпеген наристелердин каза болуп калышы өкүндүрөт", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.