Биз социалдык тармакта

"2 адам жабыркады". Түндө Бишкекте 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды

Кечээ, 12-августта Бишкек шаарында 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, болжол менен саат 23:00 чамасында 1967-жылы туулган айдоочу Лексус 570 үлгүсүндөгү унаасы менен Айтматов көчөсүндө бара жатып 93-үйдүн тушунан Порт Мандео үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Ал унаа андан ары каршы тилкеде келе жаткан Хонда Фит унаасын сүзгөн. Ал эми башында токтоп калган Лексус унаасын Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы келип сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап ооруканага жеткирилген. Ал эми 4 унаа тең айып короо жайына токтотулган.

Түндө Бишкекте 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан