Биз социалдык тармакта

"Жумушка тартылган 10 өспүрүм аныкталды". Жалал-Абадда коомдук жайларда рейд өтүүдө

Жалал-Абад облусунда "Эмгек өспүрүм" аталышындагы иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 13-август күнү Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери социалдык адистер менен биргеликте коомдук жайларда, соода-сатык дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда жана оор жумуш менен алектенген жайларда, жайкы эс алуу учурунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында рейд жүргүзүштү.

"Иш-чаранын жүрүшүндө жумушка тартылган 10 өспүрүм аныкталды. Алар 16 жашка чейинки өспүрүмдөр. Аталган өспүрүмдөрдүн ата-энеси чакыртылып, алар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү адистерге сунуштар жиберилмекчи. Ошондой эле лөлү тектүүлөр шаар тургундарына ыңгайсыз жаратып, тилемчилик кылып жүргөндөрү да аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан