Орусиянын Ноглики районундагы Конго дарыясынын жээгине сельд балыгы чыгып калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Күбөлөрдүн айтымында, балыктар жайылган жердин узундугу 4 чакырым, ал эми туурасы 500 метр. Балыктардын бир бөлүгү кургак жерде жатат. Бул учурда жээктен балык алууга тыюу салынган.
Буга социалдык тармактардын колдонуучулары эки ача пикирде болушууда. Айрымдары балыктарды алуу мүмкүн эмес экенине нааразы болушуп, жөн эле чирип кетерин айтышат. Айрымдары болсо бул кадимки табигый көрүнүш экендигин жана бул процесс жыл сайын болуп турарын билдиришкен.
Сахалин экологиялык байкоо уюмунун башчысы Дмитрий Лисицындын айтымында, сельд балыгы уруктанып кеткенде ушундай көрүнүш болот, кычкылтектин жетишсиздигине өтө сезгич болгондуктан жээкте тез алсырап каларын айткан. Ошондой эле сельд балыгы башка түр балыктардан айырмаланып турарын кошумчалаган.
"Бул биринчи окуя эмес. Үч жылдын ичинде балыктар жээктин бир нече жерине коюлган", - дейт биология илимдеринин доктору Алексей Орлов.