УКМК: "Кыска убакытта коңшу мамлекеттердин биринен 55тен ашуун жаран ар кандай даректерде убактылуу каттоого алынган"

Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүрүү кылмыш болуп саналат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК органдары тарабынан улуттук коопсуздукка жана укук тартибине коркунуч туудурган факторлорду жана шарттарды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө каттоо кызматынын системасында жоюла элек коррупциялык схемалар, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүсүнө, мыйзамдаштырылышына жол берери аныкталган.

"Кыска убакыттын ичинде коңшу мамлекеттердин биринен 55тен ашуун жаран өздөрү билбеген жана ар кандай даректерде убактылуу каттоого алынган. Учурда бул факты боюнча материалдар мыйзам чегинде изилденүүдө.

УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарына жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет өлкөлүк жарандарды жасалма каттоо боюнча башка мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз болгондор кылмыш жоопкерчилиги каралганын жана мажбурлап депортациялоону карайт.

Улуттук коопсуздукка сырттан келген коркунучтарды эске алуу менен, тийиштүү каттоо кызматтарынын кызматкерлеринин мындай үзгүлтүксүз аракеттери улуттук коопсуздуктун жана укук тартибинин пайдубалын бузуу үчүн шериктеш катары кызмат кылгандыгын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети муну белгилөөнү зарыл деп эсептейт", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан