Америкалык ырчы Бритни Спирстин атасы Жеймс Спирс кызына камкордук кылуудан баш тартып, аны башка адамга камкордукка берүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Жеймс Спирс ырчынын камкорчусу макамынан чыгаруу өтүнүчүнө жооп катары Лос-Анжелестин Жогорку Сотуна билдирүү жөнөткөн. Жеймстин жактоочусунун айтымында, ал мындай чечимин кызы менен эл алдында тартышууну улантууну каалабаганы менен түшүндүргөн.
Буга чейин сот америкалык популярдуу ырчынын атасы Жеймс Спирсти камкорчу макамынан ажыратуу өтүнүчүн четке каккан.