Бүгүн, 13-август бүткүл дүйнөлүк сологойлор күнү. Бул майрам эң алгачкы жолу 1976-жылы 13-августта АКШ дагы Эл аралык сологойлор биримдиги түзүлгөн соң белгиленген. Ошондой эле 1992-жылы Улуу Британиядагы Сологойлор клубу ачылган соң майрамдала баштаган деген да маалыматтар бар.
Изилдөөлөргө ылайык, жер шарындагы калктын 10 пайызы сологой болуп саналат. Табиятынан мындай өзгөчөлүккө ээ болгон адамдар байыркы замандардан бери эле коомдун терс көз карашы астында жапа чегип келишкен. Тамактануу, жазуу, тишин тазалоо, музыкалык аспапта ойноо жана ушул сыяктуу күнүмдүк турмушта оң кол менен жасалуучу көнүмүш иштерде башкалардан айырмаланып сол колун колдонгондугу үчүн да бир топ ыңгайсыздыктарга дуушар болуп келишкен.
Байыркы Римде адамдар арасында кол алышып учурашуу салты кеңири жайылган. Анын себеби адамдар бири-бирине оң колун сунуп "эч кандай куралым жок, сага ниетим ак" дегенди билдирүү болгон. Ал эми сологой адамдар курал-жаракты сол колуна кармаганы үчүн оң колун сунса да, "сол колунда куралы бар болушу ыктымал" деген шек менен аларга жакындоодон кооптонушкан.
Орто кылымда да жогорудагы өзгөчөлүккө ээ болгон адамдар коомго жакшы аралаша алышкан эмес. Себеби ал убакта динге берилгендер адамдын оң тарабында Кудайлар жана периштелер, ал эми сол тарабында жин-шайтандар жүрөт деп эсептешкен. Ошондуктан сологой адамдар шайтандардын шериктери делинип, коомдун сыртында калышкан.
Ал эми япондор сологой аялдарга үйлөнүүдөн качышкан. Мындай өзгөчөлүктөгү адамдарды куу жана алдамчы деп эсептешкен.
Африка уруулары болсо мындай адамдарды ашканадан болушунча алыс кармашкан. Алардын ууландыруучу болоруна ишенишкен.
Сологойлор тууралуу кызыктуу фактылар:
*Дүйнөдө сологой аялдарга караганда солгой эркектер басымдуулук кылат.
*Мындай өзгөчөлүктөгү адамдар негизинен Чыгыш Европа, Түштүк Азия жана Түштүк-Чыгыш Австралияда жашашат. Ал эми Түндүк жана Батыш Европада сологойлор салыштырмалуу азыраак жолугат.
*Бүгүнкү күндө жер шарындагы калктын 10-12 пайызы (700 миллион адам) сологой болуп эсептелет.
*Илимпоздордун айтымында, мындай өзгөчөлүктү ташып жүргөн тукум куучу атайын бир ген бар. Ал ген 2008-жылы гана аныкталган.
*Окумуштуулар ымыркайдын сологой болуп төрөлүү ыктымалдыгын изилдеп чыгышкан. Эгерде ымыркайдын ата-энесинин бирөөсү сологой болсо, анда баланын сологой болуп төрөлүү ыктымалдыгы 17 пайыз болуп саналат. Эгерде экөө тең сологой болсо, анда ыктымалдуулук 46 пайыз. Ал эми экөө тең сологой эмес болсо, ыктымалдуулук 2 гана пайызды түзөт.
*Эгерде аял 40 жашынан өтүп кош бойлуу болсо, баласынын сологой болуп төрөлүү ыктымалдуулугу жогору болот.
*Сологойлор башкаларга караганда бардык нерсеге ылдам көнүп кетүүгө жөндөмдүү болушат.
Сологойлордун арасынан чыккан атактулар:
Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда сологой адамдардын арасынан чыгармачыл инсандар көп чыгат.
Саясатчылар: Юлий Цезарь, Александр Македонский, Жанна д Арк, Напалеон Бонапарт, Бенжамин Франклин, Фидель Кастро, Махатма Ганди, Барак Обама.
Окумуштуулар: Леонардо да Винчи, Альберт Эйнштейн, Исаак Ньютон, Генри Форд, Билл Гейтс, Нил Армстронг.
Сүрөтчүлөр: Рафаель, Микеланжело, Пабло Пикассо.
Актёрлор: Чарли Чаплин, Жим Керри, Том Круз, Анжелина Жоли, Сильвестр Сталлон, Вин Дизель, Жейсон Стетхем, Скарлетт Йоханссон, Жеймс Камерон (режиссёр).
Музыканттар: Людвиг Бетховен, Моцарт.
Жазуучулар: Аристотель, Александр Пушкин, Лев Толстой, Франц Кафка, Марк Твен.
Спортчулар: Диего Марадона, Бобби Чарльтон, Пеле, Мишель Платини, Мэнни Пакьяо жана башка.
13-августка карата жылнаама.