Бүгүн, 13-август күнү саат 15:25те Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 3 чакырым түштүк-чыгыш, Эркеч-Там айылынан 9 чакырым түштүк-батыш, Икизяк айылынан 11 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү - Нура айылында үч балл, Эркеч-Там жана Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.