Интернет айдыңында кожоюнуна унаа түртүшүп жардамдашкан ит көпчүлүк колдонуучулардын көңүлүн буруп, алкоого алынды. Андагы видео соцтармактарга жарыяланган.
Маалыматка ылайык, окуя Шотландиядагы Глазго шаарында болгон. Анда нөшөрлөгөн жамгыр көчөлөрдү сууга толтуруп, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан. Бул учурда аталган шаардын тургуну Лори Жиллис Пак аттуу ити менен сейилдеп жүргөн. Жиллис көчөдө кетип баратып, жолдун так ортосунда суудан улам жүрө албай калган унааны көрүп калат. Ал унаадагы эки айымга жардам берүү үчүн жүгүргөндө анын ити дагы сүзүп жөнөйт. Кожоюну унааны түртүүгө аракет кылып жатканын көргөн ит суудан башын араң чыгарып сүзүп жүргөнүнө карабай ээсине унааны түртүшүп, жээкке чейин чыгарууга жардамдашкан.
Учурда Пак интернет колдонуучуларынын мактоосуна арзып, видео ылдамдык менен бөлүшүлүүдө.
Ал эми Пактын кожоюну Жиллис Фейсбук баракчасына "Пак дүйнөдөгү эң мыкты ит" деп жазып калтырган.