Актёр Азамат Уланов: "Үйлөнүүгө моралдык жактан даяр эмесмин"

Бир нече кинолордо башкы ролдорду жараткан актёр, тамашоучу Азамат Уланов биздин "Рулдагы жылдыз" рубрикабыздын кезектеги коногу болуп, унаасы менен тааныштырып, ал ортодо жеке жашоосу тууралуу дагы айтып берди.

"2 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызым бар, буюрса, эки жылдан соң үйлөнөм деген пландарым бар. Азыр "качан үйлөнөсүң?" деп сураган атамдын достору көп. "Менин кызымды албайсыңбы?" деп сунуштаган эжелер дагы бар (күлүп). Бир жолу достор менен кафеде отурганбыз, анан бир кыз келип эле "апам номериңди сурап жатат" дейт, "сен сурасаң мейли эле, апаңа эмнеге керек?" десем, мейли деп кетип калган. Бир убакта апасы келиптир, тиги менин кызым деп. Сүйлөшкөн кызым бар десем болбойт. Мындай окуяларга көп учурайм. Азыр үйлөнгөнгө, балким, материалдык жактан даяр болушум мүмкүн, бирок моралдык жактан даяр эмесмин. Үйлөнгөн соң үй-бүлөнү багуу деген бар, дагы бир адамга жооп бересиң, ал дагы чоң жоопкерчилик", - дейт Уланов.

Азамат Уланов: “Үйлөнгөнгө моралдык жактан даяр эмесмин”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Apyn8793
2021-08-13 22:46:59
Азыр уйлонбо, 2-3 жылдан кийин уйлон. Жаштыкты ойноп кулуп откоруп ал.
+4
aslan_akjol89
2021-08-13 23:07:31
Не в тему эле ганкылдай беришет да ушу шоу чойросундогу соройлор.
+3
mira28
2021-08-14 18:07:01
Негизи ушул тамашоучу озун жылдыз сезген жигит кыздар,билими жок,талтанты мектеп денгээлиндеги интермедия боюнча оспрй калган жаштар.Кинолору да ото маанисиз,комедиялары да кайталанма,ой жугуртуусу,баскан турганы эч бир теленин жылдызы дегенге татыксыз деп баалайм.Бул балакай болсо жашы оскону менен ойу али жаш бойдон балакай экен.Машинамы алтышка дейм дегенде эле туууй ата,кыргыз маданиятын ушундан майдапарастар олтуруп жататго дедим.
+2
mira28
2021-08-14 18:08:58
Ушулардын созун бир тамгалап гезит бетине кочуруп жазып, окурмандарга окутканынарга танмын.
+3
gul3ina
2021-08-14 22:54:02
Сен кичинекейсиң азыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан