"Унаамды "алтышка" деп коём, сүйлөшкөн кызым кызганбайт" дейт актёр Азамат Уланов

"Унаамды "алтышка" деп коём, сүйлөшкөн кызым кызганбайт" дейт актёр Азамат Уланов. Ал биздин "Рулдагы жылдыз" рубрикабыздын коногу болуп, унаасы тууралуу кеңири маек куруп берди.

"Унаа айдаганды кичине кезимден баштап эле үйрөнгөм. Алгач атамдын бутуна отуруп алып үйрөнгөм. Кийин бара-бара өзүм айдай баштадым. Эң алгачкы унаам Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа болчу. Эки жылдай акча чогултуп, унаа алып койгула деп үйдөгүлөргө бергем. "Ата" тасмасы тартылып жатканда, биз шаардын четине 10 күнгө съемкага кеткенбиз. Келсем эле үйдө таекемдер бар экен, сыртта жаңы унаа токтоп турат. Анан бир убакта эле атам ачкычты алып чыгып "бул унаа сеники балам" деди. Аябай сүйүнгөнүм эсимде. Экинчи унаам Тойота Камри 30 болчу, аны эки жыл айдадым. Андан кийин эле ушул Тойота Камри 40 үлгүсүндөгү унааны алдым. "Алтышка" деп эркелетип коём, сүйлөшкөн кызым кызганбайт. Ага сени 50, унаамды 50 пайыз сүйөм деп айтып койгом", - дейт Уланов.



Азамат Уланов: “Үйлөнгөнгө моралдык жактан даяр эмесмин”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
rysik79
2021-08-13 22:39:12
Өзүнчөле жылдыз го годопищ
+11
Bikosh2015
2021-08-13 22:47:00
Бул балакай да чонойуптур го. Девушкасы болсо. Бирок иним уйлонгучон далай девушканы коросун го. Так что девушкан боюнча соз ачпай эле койсон. Сага кенеш. Ошол эле девушкан канча жигит корот али.
+13
aslan_akjol89
2021-08-13 23:05:07
Мен ч.чып келейинчи)))
+13
salimbek87.kg
2021-08-14 22:16:51
aslan_akjol89, бумага ошол жайында
+3
nazira...
2021-08-14 09:04:17
Бул балада да өпкө чооң экен да. Таластык жмеспи
+9
make2
2021-08-14 20:37:25
nazira...,Оштукта опкосу жок
-6
Dembele84
2021-08-14 11:12:52
Дагыле рожасы 10жашар баланыкындай го 21ге чыкса да
+10
Alixan-Nookat.2015
2021-08-14 11:28:19
Бул кичинекей баладай көрүнөтко
+10
Rifle_I
2021-08-14 13:05:29
Машинамын өтө жакшы көргөндөр оорулуу сыяктуу.
Машинаны максатына жараша колдонуу, аны статусун белгилөө же башканын алдында жогору көрсөтүү өтө жаман мүнөз.
+5
Erkusha
2021-08-16 17:04:37
Апей мен бул баланы 6 7класс окуйт экен деп атпаймы 21ге чыккан тура кичинекей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан