Лионель Месси "Барселона" клубу менен коштошуп жаткандагы көз жашын сүрткөн бет аарчы аукционго коюлду

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси көз жашын сүрткөн бет аарчы аукционго сатыкка коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул бет аарчыны Месси "Барселона" клубунан кеткендигине байланыштуу өткөргөн жыйында көзүнө жаш алганда колдонгон. "Алтын топтун" 6 жолку ээси болгон футболчунун көз жашы тамган бет аарчынын аукциондогу баасы 1 миллион доллар деп бааланып жаткандыгы айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Лионель Месси 5-августта "Барселона" клубунан кетип, франциялык "Парис-Сен-Жермен" клубуна кошулган. Футболчу жаңы клуб менен 2 жылга келишим түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KG-312
2021-08-13 20:46:37
Бирок алат Мессинин ашынган фанаттары)).
-3
Rifle_I
2021-08-13 20:55:19
Бцл жашоодогу баалуулуктар орунсуз көп учурда.
+2
bratanyn
2021-08-13 21:19:49
Акчасы көп бир мээси айныган алат да.
+8
SHaidulda
2021-08-13 21:33:55
Бок турсасын да койсо ала беришет айныгандар [moderated] кереги бар анын бет аарчысы
+6
Ela93
2021-08-13 21:38:23
Терс комент жазгандар Ичи тар, короалбастар! Эмне болот аукционго койсо?
Макул сен болсон ошолордун ордуна сен деле ушинтмексин!! Калп эле акылдуу болбогулачы, сураныч!!
-3
ulanbek2000
2021-08-13 22:48:06
Ela93,Жан тарттыныз эми эмне болду? Өзүңүздү өзүңүз алдабаныз
+5
talas0707
2021-08-14 00:44:57
Соз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан