Ооганстандын президенти жакынкы убактарда өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экендиги айтылды

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жакынкы убактарда өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы менен бийликтин куралдуу кагылышуусунан улам өлкөдө абал курчуп, Ооганстандын аймагынын 85 пайызы талибдердин карамагында калды. Мындан улам өлкө башчысы жакынкы убактарда элине кайрылуу жасап, андан соң өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экендиги айтылды.

Буга чейин Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех "Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Тажикстанга качып кеткендиги жазылган.

Эскерте кетсек, Кабул бийлиги бир канча айдан бери өлкөдө токтобой келе жаткан куралдуу кагылыштарды жана зордук-зомбулуктарды токтотуу үчүн радикалдуу "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнө өлкөдөгү бийликти тең бөлүшүүнү жана мамлекеттик маселелерди бирге чечүүнү сунуштагандыгы жазылган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2021-08-14 13:07:30
Президент элин кыйын учурда коргобой, таштап качып кетиши саткынчылык.
Аягына чейин туруп күрөшүш керек, же элинин тынчтыгын баалап багынып берсин.
+7
Jaraisyn
2021-08-14 19:07:43
Rifle_I,Айласы да калбады көрүнөт, анан багынып бербесе өлүм да көп болушу мүмкүн да. Азия чөлкөмүндө тынчтык болсун эми. Өлкөбүз тынч болсун деп тилек кылалы
+5
Asmat84
2021-08-14 13:16:18
Бизге качып кирбесин. Башка жака бар деп койгулачы. Кечээ премьери Таджикистанга качып кирди эле
+8
emirchik
2021-08-15 09:40:07
Башка эмне кылсын эми Талиптердин колуна тушсо сойота уйбулосу менен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан