Турмуш жолуна жаңы кадам ташташкан Тынчтыкбек менен Бегимай кортеж менен жүрүүнүн ордуна 50 мектеп окуучусуна окуу куралдарын жана керектүү жабдыктарды алып беришти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Иш-чара Ош облусунун мусулмандарынын казыятында өтүп, ага облус казысы Сайдамир Жейналиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбеков, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар менен иштөө адиси Жамийла Жапашова жана мектеп окуучулары катышты.
Саамалык алкагында облус казысы эки жаштын бул кадамы ашыкча чыгымдар менен күрөшүү экендигин баса белгилеп, мындай көрүнүш башкаларга дагы үлгү болуусу керектигин билдирди.
"Учурда мамлекетибиз жана дин чөйрө ашыкча чыгымдарга бөгөт коюу боюнча тыгыз иш алып барууда. Бүгүнкү көрүнүш ысырапкерчиликке каршы күрөшүүгө салым болсо, экинчи тараптан илим-билимдин өнүгүүсүнө материалдык жактан көмөктөшүү болуп саналат. Мамлекетибизде дал ушундай жаштар көбөйө берсин", - деди облус казысы.