Биз социалдык тармакта

Оштун борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу пландалууда

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардын борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу долбоорунун алдын ала эскизи менен таанышты.

«Шаардын борбордук аянтында шаардыктардын кечинде эс алуусу үчүн тиешелүү шарттар болбогондуктан бул жерге жөө адамдар үчүн фонтандарды курууну пландап жатабыз. Болжолдуу түрдө ар бир объекттин өлчөмү 20х10 м. Аба ырайы ысык болгондо чоңдор да, балдар да фонтандын жанында сейилдеп, эс алууларын көңүлдүү өткөрө алышат.

Учурда курулуштун долбоорун даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бюджетке күч келтирбеш үчүн бул долбоорду биргелешип каржылоо программасынын алкагында бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен бирге ишке ашыруу демилгеси көтөрүлүүдө. Ишти долбоор даярдалып, сметасы бекитилгенден кийин баштайбыз. Мындай фонтан Кыргыз өлкөсүнүн эч бир жеринде жок», - деди Алмаз Мамбетов.

Планга ылайык, фонтандар Лениндин эстелигинин эки тарабына курулуп, айланасына улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн, суу өткөрбөй турган таман таштар коюлат.

Долбоорду даярдоого Бишкектен тиешелүү эксперттер чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
azamat_tabaldiev
2021-08-14 12:40:12
Жакшы жанылык, бирок фонтандан мурда араванский перекресткага подземный переход курса жакшы болот эле, пробка азаят адамдарга ынгайлуу шарт болот беле дейм да.
+14
zhaynak
2021-08-14 13:04:32
azamat_tabaldiev, туура, ошол жерге подземка керек.
+5
mirkaa5182
2021-08-14 12:41:32
Жакшы болот эле, айрыкча шаардыктар үчүн.
+2
stal.ks
2021-08-14 12:54:18
Бардак болуп кетбейби мериянын алды
0
Milduri
2021-08-14 13:10:22
Главный отурганга скамейкаларды койгулачы, барсаң чарчап, отуруп эс алганга отургуч таппайсың, мэриянын алдына флагдын жанына катарынан отургучтарды койсо жакшы болот эле
+3
Real98
2021-08-14 14:16:58
Milduri, мэриянын каптал тарабында бакта олтургуч толтура.
0
nazira...
2021-08-14 13:11:47
Ооба, бардактын да бардагы болот. Андан көрө площадка ак бура жакын го ошондогу азыр жасалып аткан иштерди тезирээк аягына чыкса элдин баары суунун боюда болот эле, фонтандан көрө эстественный агып аткан суу турат го өзүбүздө,ошону эптеп алалычы. Канча фонтан бар иштебей эле турат го. Мэрдин Бишкегинин эксперттеринин кереги жок,акчаны жолкиреге эле кетирет окшойт бу мэр А араванскийге подземный эмес надземный жол куруш керек, ал жерде сель көп болот подземкага суу толуп кетет.
+5
nukura_jigit
2021-08-14 15:39:21
Андан коро таза суу маселесин чечиш керек. Шаардыктар учун эн заарыл маселе
+5
nargiz-sa
2021-08-14 16:06:05
Азыр шаардыктардын негизги талабы, муктаждыгы бул эмес суу маселесин чечсин, акчаны ыксыз жумшабай. Жаңы шайланган депутаттар каякты карап отурат сунуштарын бербей
+3
Dembele84
2021-08-14 19:30:49
Лениндин эки четине фонтан и отургучтарды жасаса эч бардак болбойт.Мэриянын асты и жол канчалык кенен болсо ошол боюнча калат.
0
amirrus
2021-08-15 09:58:33
Башка иш жокбу кылаарга,шаардын ичиндеги жолдорду ондогула 100-200метр болсо да,фонтансыз эле жашаганбыз жашай беребиз,ото зарыл иштерди кылуу керек,пробканы жою боюнча порковка ж.б.иштер толтура го...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан