Тик-Ток тиркемесинин жетекчилиги тиркеменин жаш жеткинчектерге тийгизген терс таасирлерин азайтып, коопсуздугун арттыруу максатында бир катар эрежелерди иштеп чыкканын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жаңы түзүлгөн эрежелерге ылайык, мындан ары 16 жашка чыга элек колдонуучулар жарыялаган видеолорун колдонуучулардын баарына көрсөтө алышпайт. Ага кызмат тарабынан "катталуучу" "достор" же "автор өзү гана" деген аудитория түрлөрү сунушталат. Бул нерсе менен компания өспүрүмдөрдүн контентин көрө турган колдонуучулардын санын чектөөнү көздөөдө.
Ошондой эле тиркемеге жайгаштырган видеосун башкалардын көчүрүп алуусуна колдонуучу өзү гана уруксат бере алат.
Муну менен катар биргелешип ролик тартууга мүмкүндүк берген кызматтар да эми жаш жеткинчектер үчүн жеткиликтүү болуп саналбайт.
Мындан тышкары, 13-15 жаштагы өспүрүмдөр саат 21:00дөн кийин, 16-17 жаштагылар 22:00дөн кийин Тик-Токтон келген билдирүүлөрдү кабыл ала алышпайт. Билдирүүлөрдү ачуу кайра эртең мененки 8:00дөн кийин гана жеткиликтүү болуп эсептелет.
Буга чейин жаш жеткинчектерге карата коопсуздук чаралары каралбаганы үчүн Тик-Ток социалдык тармагына көптөгөн айыптоолор тагылып келген. Компания бул нерсени жоюу максатында атайын коопсуздук кеңешин түзгөн.
Өзгөчө Италиядагы 10 жашар кыздын трагедиялуу өлүмүнөн кийин тиркеменин жетекчилиги коопсуздук эрежелерин иштеп чыгуу сунушун киргизген.
Эске салсак, Италияда 10 жашар кыз Тик-Токто "курду моюнуна салып, кимдин көпкө чейин чыдап тура аларын сынаган" челленджге катышып, тилекке каршы муунуп каза болуп калган. Италия бийлиги бул окуядан соң жашы жете электер үчүн тиркемени колдонууга тыюу салган.
Андан тышкары Индия, Өзбекстан жана Пакистан өлкөлөрү өз аймагында аталган тиркеменин ишине толугу менен чектөө койгон.