МакSим деген ат менен белгилүү болгон орусиялык ырчы Марина Абрамова ооруканадан чыкты. Эми ал калган дарылануусун үйдөн өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ошондой эле ырчынын ооруканадан чыгып бара жаткан сүрөтү тарады.
Буга чейин жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап, өпкөсүнүн оң тарабы иштебей калганы, ага жасалма дем алдыруучу аппараты да жардам бербей жаткандыгы жазылган болчу.
Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.