"Тургундар талибдерге тамак даярдап турууга мажбур". Ооган жигити аймактардагы жашоо тууралуу айтып берди

Ооганстандагы "Талибан" кыймылы басып алган провинциялардын биринин жашоочусу Тахар Абдулхалек Тахари аттуу жигит талибдердин бийлиги астында күн кечирип жаткан карапайым элдин абалы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялады.

Анын айтымында, карапайым тургундар талибдер койгон талаптарды аткарууга мажбур болуп күн кечирүүдө.

"Талибдер шарият мыйзамдары боюнча карапайым калкка салык салышат. Жашоочулар милдеттүү түрдө түшүмдүн ондон бир бөлүгүн жана зекет (жылдык салык) берүүгө мажбур болушууда.

Ошондой эле тургундар жекече жана топ-топ болуп талибдерге тамак даярдоого да милдеттендирилген", - деп билдирген ооган жигити.

Мындан тышкары талибдер жашоочулардын жеке иштерине да кийлигишип жатышканын белгилеген. Айтымында согушкерлер ар бир адамдын уюлдук телефонун текшерип, талаптарга ылайык келбеген нерсе табылып калса жазалоого чейин барышууда.

Муну менен катар жаштарга сакалын алууга, ал эми аялдарга жалгыз көчөгө чыгууга катуу тыюу салышкан.

Тахари мурда Ооган армиясында кызмат өтөгөн. Эгер бул нерсени талибдер билип калышса аны жазага тарта турганы анык. Ошондуктан тезирээк туулуп-өскөн айылынан чыгып кетүүнү көздөп жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ayzhan12
2021-08-14 22:21:02
Шарият түшүнүгү бул жөн гана караңгылыкты жайылткан эски эрежелер. Азыр элдин аң сезими такыр башка. Бирок ошого карабастан шарият аркылуу өткөн кылымга кайтып барабыз деген талибан сымалдар жүрүшөт бизде. Шарият - бул эркектер аялдардын үстүнөн каалагандай башкара алган жапайы диний эреже. Динди шылтоо кылып аялдарды баскан турганын көзөмөлгө алабыз дегендер оңолбойсуңар. Чынында шарият менен жашаган өлкөдө аялдардын укугу басмырланып жатканы чындык.
-12
Mister-XXX
2021-08-14 22:35:52
ayzhan12,Эгер сени бир бай араб мага турмушка чык,үйдө гана болосун.Иштетпейм,алтын,бриллиант дайыма белек кылып турам.Ашпозчун болот,нянька болот-десе макул болмоксун.Мына,азыркы учурда кыргыз,орус кыздар арабдарга турмушка чыкканды аябай каалашат.Ислам динин кабыл алып,бала тороп сонун жашап жатат.Ошолордон сурачы,аялдардын укугун тебелеп жатышат бекен?Сенин ага акылын жетпейт.
Дин ар кандай агымга болунуп кеткен.Шиитер аялзатына ото жаман мамиле кылат.Сунниттер андай эмес.Дин боюнча тушун
+7
ayzhan12
2021-08-14 22:48:19
Mister-XXX,Бир экөөнү теледен көрүп алып эле арабдарды мактай бересиңер. Арабтар аялдарын өтө басмырлашат, зомбулук көргөзүшөт. Болгону мындай маалыматты жашырышат. Себеби арабтарда кыздардын эркиндингин, укугун коргогон адамдар атайын жок кылынган. Негизи Кыргызстан эли мусулман деп формалдуу гана айтылат. А бирок элдин басымдуу бөлүгү динди кууп диңге берилбейт, светтик турмуштү тандап алышкан. Андыктан шариат эрежелерин таңуулап жаткан талибан сымалдар жөн жашагыла.
0
Kanybekov94
2021-08-15 07:03:48
ayzhan12,тушунугун жок экен чынын да капа болбо ислам дини тазалар учун талибан болсо башка динге тиешеси жок деп айтып атышса да чалжырап доруйсун доопараз
+1
Mister-XXX
2021-08-15 13:24:33
ayzhan12,Сен Арабияга барып көрүп келчи жашоосун.Дубайга бир жолу барып кел.
-2
Antiradikal3
2021-08-15 19:40:28
Mister-XXX, Дубай менен Аравияга барса эмне экен. Эл барып келип эле жатат. Эгер онуккон бай мамлекет деп айта албай жаткан болсон, анда Швецария, АКШ, Канада, Гонконг, Сингапур, Австралияга да барсан болот. Же эмне, ал жактагы мусулман эместер жакыр жашайт бекен?!

Бай мусулмандар болгон сыяктуу жарды мусулмандар бар. Бай мусулман олколору болгон сыяктуу жакыр мусулман олколор бар. Мисалы сен жакыр болсон ушул мусулман экен деп орус, кытай сага тийбейт...
+2
Mister-XXX
2021-08-16 01:43:04
Antiradikal3,Сен менин жазганымдын маанисин түшүнчү.Маанисине түшүнбөй эле жаза бересинби?
0
Antiradikal3
2021-08-15 11:03:19
Mister-XXX, тоо десе бээ деп коюпсун го? Арабка орус, кыргыз ж.б. араб мусулман болгону учун эмес, бай болгону учун турмушка чыккысы келет. Диндин мааниси жок. Араб христиан же буддист болгондо да байлыгына карап ага турмушка чыгышмак. Баса, арабдар кылымдар бою жакыр жашап келишкен тоо минип чолду кезип. Нефтинин арты менен бай болушту, бирок бул байлык да убактылуу.
Сен айткан кыздар меркантильная кыздар, байлык учун ар кандай кадамга барган...
+1
Danysh1
2021-08-15 17:12:13
Mister-XXX, жооп бербей эле кой баары бир түшүнбөйт
-1
Tynar1213
2021-08-14 22:55:21
ayzhan12,тууй арстан алай сен деги жөн жатпайсың го
+1
Nursul
2021-08-15 08:29:36
Байкуш карапайым эл, кандай көйгөй болсо эл жооп берет, эл башчылары качып кетишет. Жеген ичкенинин баары арам булардыкы.
+4
Jaraisyn
2021-08-15 13:22:35
Бириңди бириң талай берет экенсиңер да ээ.
+1
Nemo_0587
2021-08-16 18:54:37
Динге тийишпей эле койсоңор болмок, баары бир түшүнүгүңөр жетпейт. Талибан десе эле аларды бир жан алгыч ойлой бергени болбойт. Алар өз мекенин канча жылдан бери тоноп, өлкөсүн полигонго айлантып келе жаткан баскынчылардан тазалоо үчүн чыккан жөнөкөй эле карапайым эл. Аларды колуна курал алып боевик болууга себепчилер булар чоң чоң державалар. Илгери орустарга каршы чыккан биздин патриотторду Совет бийлиги басмачы деп атап, тарыхта жаман ат менен калтырган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан