Түркиянын Кастамон жана Синоп провинцияларында катталган суу ташкынынан улам каза болгондордун жалпы саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жана табият кырсыктарын алдын алуу кызматынан билдиришкенин жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, каза тапкан 44 адамдын 36сы Кастамон провинциясынын жашоочулары, 7 адам Синоп провинциясынын жашоочулары. Ал эми Бартын аймагынан 1 адам курман болгон.
Ошондой эле 9 адам алган жаракатынан улам ооруканада дарыланууда.
Селден эң көп жабыркаган Кастамон аймагынын жана башка аймактардын жашоочулары толугу менен коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Эске салсак, 11-августтагы нөшөрлөгөн жаан Түркиянын Кастамон, Синоп жана Бартын провинцияларында суу ташкынын пайда кылган. Селдин кесепетинен 300гө жакын калктуу конуш электр жарыгысыз калган. Ошондой эле кырсык көптөгөн үйлөрдү, унааларды жана көпүрөлөрдү жарактан чыгарган.