Түркияда өрт өчүрүү иштерин аткарып жүргөн Орусиянын учагы кулап, 8 адам каза болду

Түркиянын Адана аймагында өрт өчүрүү иштерин аткарып жүргөн Орусиянын Бе-200 учагы жерге кулап, 8 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя түшкү саат 15:00 чамасында орун алган. Орусиядан келген Бе-200 учагы Адана аймагындагы өрттү өчүрүү тапшырмасын аткарган соң жерге конуу учурунда кулап түшкөн. Учактын бортунда 5 орусиялык аскер кызматкери жана аларга өрт чыккан аймактарды көрсөтүп жүргөн 3 түркиялык жаран болгон. Тилекке каршы, алардын баары каза тапкан.

Ал эми кырсыктын себебин аныктоо үчүн Орусиянын Тышкы иштер министрлиги атайын комиссия жибергени маалымдалды.

Белгилей кетсек, Түркия дээрлик жарым айдан бери тилсиз жоо менен күрөшүп келет. Өлкөдө токойдо өрт эң алгач 28-июлда катталган. Андан бери 54 провинцияны камтыган 299 аймак тилсиз жоого дуушар болгон.

Кырсыктан бүгүнкү күнгө чейин 8 адам каза болуп, 860 адам жаракат алганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
emirchik
2021-08-15 21:46:50
Рассииядан ондурулгон Самолёты Вертолётору ото коп кулайт Жакшы иштеп Чыгарган эмес.машиналарын айтпайле койолу кайжерде болсо туртуп жургону жургон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан