Германиянын канцлери Ангела Меркель канча пенсия алары айтылды

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель канцлердик кызматынан кеткен соң ай сайын 15 миң евро (1 жарым миллион сом) пенсия алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Германиянын салыктарды төлөөчүлөр союзунун берген маалыматына ылайык, пенсиянын мындай өлчөмү Ангела Меркелдин Бундестагдагы, министрлер кабинетиндеги жана канцлердик кызматтагы көп жылдык эмгегин эске алуу менен чыгарылган.

"Бундестагдагы депутаттар жөнүндө мыйзамдын 20-пунктуна ылайык, Ангела Меркель парламентте 31 жылдан ашык иштегендиктен эң жогорку пенсияны "айлыктын 65 пайызын" алууга укуктуу", - деп билдирген аталган союздун өкүлдөрү.

Ошондой эле бийликтин мурдагы өкүлдөрү жана президенттер сыяктуу эле Ангела Меркель дагы жеке кеңсеге жана кеңсенин менеджери, 2 жардамчы, катчы жана айдоочудан турган чакан кызматкерлер тобуна ээлик кыла алат.

Белгилей кетсек, Германияда Ангела Меркелдин ордуна, канцлердикке болгон федералдык шайлоо 26-сентябрда өтөт.

Ангела Меркель бул кызматты 16 жылдан бери аркалап келет. Ал бир канча убакыт мурун 5-мөөнөткө шайланып келбей турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан