Ливандын Аккар районунда газ ташуучу танкер (суюк жүктөрдү ташуучу кеме) жарылып, кеминде 20 киши каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.
Ошондой эле жарылуудан 100гө жакын адамдын оор жаракат алганы да кабарланды. Учурда окуя болгон жерде 22 "Тез жардам" унаасы кызмат көрсөтүп жатканы айтылат маалыматта.
Ал эми танкердин жарылуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.