Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Исирадин Аманбаев президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бул кайрылууну ал Фейсбук баракчасына жарыялады. (ред. өзгөртүүсүз берилет)
"Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Менин алгачкы “Кайдасың сен, Нестан-Дарежан”, “Ай жарык ай, ай жарык”, “Ай гитара, гитара”, “Мөл булак”, ”Жетиген” сыяктуу обондорум жарык көргөндөн баштап Кыргыз маданиятына, анын ичинде музыка искусствосуна обончу, композитор жана ырчы катары өз салымымды кошуп келе жатканыма 50 жылга жакын убакыт болду. Убагында, 1992-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамдары ыйгарылган. Бирок андан бери жыйырма жылдан ашуун убакыт өтүп, канчалаган жаңы жазган музыкалык чыгармаларым элге кеңири тарап жатса дагы негедир “Эл артисти” наамы берилбей келет.
Ага бир эле мисал: өткөн 2020-жылы 31-август - өлкөнүн Эгемендик майрамына карата сыйлыкка көрсөтүлгөн документтердин арасында меники дагы каралып, мамлекеттик комиссиядан толук колдоо таап, буйрукка келгенде ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков белгисиз себептерден улам “кийин беребиз” деп тизмеден алдыртып салганын ошол убакта ар кандай массалык маалымат каражаттары чагылдырып, өзгөчө социалдык тармактарда кызуу талкууну жараткан. Бул боюнча азыркы министрибиз Кайрат Иманалиев жана президенттик администрациянын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев жакшы билерин айтып коюум керек.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Алдыбызда келе жаткан өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата карала турган мамлекеттик сыйлыктардын арасындагы менин эчак эле өтүп, үч жылдан бери жөн эле кармап отурушкан документтеримди президенттик администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясы ар кандай болбогон шылтоолорду (жашы жете элек экен, директор болуп иштейт экен жана башка) айтышып, дагы артка алдырып жатышат деп угуп жатам...
Сыйлык эч кандай жашка, ишке жана жеке адамдык сапаттарга эмес, жазылган эмгектерге берилиши шарт деп эсептейм.
Албетте, сыйлыгы жок эле жашаса дагы, жазса дагы болот деңизчи. Бирок Кыргыз элинде ”Карыныма эмес, кадырыма ыйлайм” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, өзүмдү болбосо дагы жазган эмгектерим өз учурунда бааланып калса деген эле тилек... Сизди терең урматтом менен композитор, обончу, ырчы жана күүчү Исирадин Аманбаев", - деп жазылат билдирүүдө.