Бишкекте милиция кызматкерлери шаар тургунуна ыплас иш-аракеттерди кылганга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү иштери башталган.
"Шектүү 34 жаштагы Ч.А. аттуу жаран. Ал алдын ала маалыматтар боюнча психикалык ооруканада каттоодо турушу мүмкүн. Мындан улам ага тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.