"Аялдар көчөгө жалгыз чыга алышат". "Талибан" кыймылы аялдар жана журналисттер боюнча пикирин билдирди

Ооганстанды толугу менен көзөмөлүнө алган "Талибан" кыймылы өлкөдөгү аялдар жана журналисттер боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаңы бийлик аялдарга карата эч кандай чектөөлөрдү койбойт. Алар кадимкидей окуу жайларда билим ала алышат. Ар кандай жумуштарда иштеп, көчөгө жалгыз чыга алышат. Бирок ар бир аялдын хиджаб менен жүрүүсү милдеттүү болуп саналат.

Ал эми өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттары да эч кандай кысымга алынбайт. Журналисттер коомдогу окуяларды каалагандай сындай алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Бириккен улуттар уюму Ооганстандын талибдер басып алган аймактарында аялдар менен журналисттер массалык түрдө кысымга алынып жатканын кабарлаган.

Ошондой эле аталган уюмдун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Баччелет айрым жерлерде согушкерлер койгон талаптарды бузган үчүн аялдар, укук коргоочулар, журналисттер жана өкмөттүк жоокерлер өлүм жазасына тартылып жатканын билдирген.

Айрым басылмалар Ооганстанды талибдер башкарып турган 1996-2001-жылдардагы абалды жазып чыгышты. Андагы маалыматка ылайык, Ооганстан өлкөсү согушкерлердин бийлиги астында турганда кыздардын мектепке баруусуна таптакыр тыюу салынган. Ошондой эле аялдардын иштөөсүнө, денесин толук жапкан кийим кийбестен же жолдошу жок көчөгө чыгуусуна толук түрдө чек коюлган. Аталган эрежелерди бузгандар ур-токмокко алынып же дароо өлүм жазасына тартылып турган.

Ал эми талибдер бул жолу адатка айланган жогорудагыдай жазалоо түрлөрүн соттун чечимисиз ишке ашырууга тыюу салынарын айтышууда.

Ошондой эле бардык оогандыктар катыша ала турган инклюзивдүү бийликти түзүүнү көздөп жатышканын белгилешүүдө.

Эске салсак, 15-августта согушчул "Талибан" кыймылы Ооганстандын бардык аймагына көзөмөл орнотконун жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-08-16 21:53:45
Бейиштей жерде жашаганыма чексиз шүгүр
0
ayzhan12
2021-08-16 22:54:38
Эч качан шарият менен карым катнаш болбошу керек. Мунун аягы биринчи кызыкте аялдардын эркиндиги талкаланат. Билимсиздер, сабырсыздар оз каалагандай эрежелерин тануулай беришет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан