Гаитиде зилзаладан 1300гө чукул адам көз жумду

Гаитиде жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 1 297ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан жаракат алгандардын саны 5 миң 700 болду. Тилекке каршы, 1 297 адам каза болду.
Ишемби күнү Гаити жээгинде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Аталган аймакта бир айга өзгөчө абал режими киргизилди.
Ошондой эле бир катар өлкөлөр Гаитиге кырсыктын кесепеттерин жоюуда жардам берүүгө даяр экенин билдиришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан