Москва шаарында өз ара бокс боюнча беттештерди уюштурган 12 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, учурда териштирүү иштери улантылууда.
"Полиция кызматына Тверская көчөсү 6 дарегиндеги үйдүн короосунда көп сандаган эркектер жүргөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери 12 Кыргыз жараны спарринг мушташтарын уюштурганын аныкташкан. Алардын баары кармалып, түшүндүрмөлөр алынды", - деп жазылат маалыматта.