Ысык-Көлдө 3 унаа сүзүшүп, 31 жана 20 жаштагы эки жаран каза болду. Дагы 8 адам ооруканада

Ысык-Көл облусунун Корумду айылында түнкү саат 00:07 чамасында Subaru Forester менен Аudi A6 жана Mazda-626 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 1990-жылы туулган эркек киши жана 2001-жылы туулган кыз каза болгон.

Андан тышкары 8 адам ар кандай жаракат алган. Алардын бешөө аял жана үчөө эркек.

Жабыркаган жарандар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Жерине №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан