АКШнын президенти Жо Байден dudewithsign деген ат менен атактуу болгон блогер менен бирге элди массалык эмдөөгө чакырууда.
Dudewithsign же "ураан кармаган жигит" ар кандай темада картонго жазылган лозунгдар менен көчөгө чыгып белгилүү болгон. Бул жолу блогер "Келгиле, бири-бирибизге кам көрүп, эмдөөдөн өтөлү" деп жазган.
Ал эми АКШ лидери "Бул жигит эмне жөнүндө айтып жатканын жакшы түшүнөт" деген жазуусу бар плакатты көтөрүп чыккан.