АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп "Талибан" кыймылынын Ооганстанды толук каратып алганын "Американын тарыхындагы эң чоң жеңилүүлөрдүн бири" деп атады. Ошондой эле ал Ооган өлкөсүндөгү акыркы абалга учурдагы президент Жо Байденди күнөөлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Байдендин Ооганстанда жасаган аракети жөн гана укмуш! Бул Американын тарыхындагы эң чоң жеңилүүлөрдүн бири болуп саналат", - деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.
Ошондой эле Дональд Трамп "Учурдагы президент Жо Байден маскаралык менен кызматын тапшырып бериши керек. Бул анчалык деле чоң окуя болуп эсептелбейт. Анткени ал башынан эле мыйзамдуу түрдө шайланган эмес", - деп кошумчалаган.
Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, Тажикстанга качып кеткени маалым болгон. Учурда талибдер бийликти тынчтык жолу менен тез арада өткөрүп алууну күтүп жатышканы айтылууда.