Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда BMW -X5 унаасынын айдоочусу мас абалда катуу ылдамдыкта келе жатып Hyundai Getz унаасын артынан келип сүзгөн. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен BMW - X5 унаасынан 20 жаштагы кыз жана Hyundai Getz унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 19 жаштагы М.Р. Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.