Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда, тактап айтканда Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылынын ортосунда Хонда-Одиссей унаасы батышты карай бара жатып, айдоочу рулга ээ боло албай ала салып кеткен. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан 80 жаштагы Ч.З. аттуу улгайган аял киши окуя болгон жерде каза болгон.
Ал эми айдоочу, жубайы жана эки уулу, дагы жүргүнчү катары бара жаткан аял менен баласы Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилген
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.