Бир канча күндөн бери Ооганстанда сапарда жүргөн белгилүү орусиялык блогер Илья Варламов талибдер басып алгандан кийинки Кабулдагы абалды баяндап, Инстаграм баракчасы аркылуу сүрөт, видеолор менен бөлүштү.
"Кабулда миңдеген жарандар чет өлкөгө чыгып кетүү үмүтү менен аэропортко агылып келе башташты. Бирок коммерциялык каттамдардын бардыгы ишин токтоткон. Америкалыктар аскердик учактар менен өз жарандарын алып чыгып кетүүдө. Президент болсо кызматкерлери менен бирге качып кеткен. Ал эми Кабулда АКШга жардам бергендер, адам укугун коргоо менен алектенгендер, активисттер жана журналисттер сыяктуу миңдеген жарандар талибдердин коркунучунда калды.
Аэропорттогу кайтаруучулар, кызматкерлер, чек арачылар таң атары менен эле кетип калышканын жазышууда. Азыр болсо адамдар жөн гана аба майданында ары-бери басып жүрүшөт. Америкалыктар менен европалыктар баарын куткарып аларын көп жолу айтышкан. Британия менен Австралия дагы 20 миң адамды алып чыгарын билдиришкен. Алар дагы жетишпей калышты", - жазып калтырган Варламов.
Ошондой эле ал Кабул аэропортундагы бир жарандын телеканалдардын бирине айтып бергендерин бөлүшкөн.
"Аэропортто аткаминерлер жана саясатчылар үчүн учак билеттери жашыруун түрдө берилип жатат деген ушак тарагандан кийин жарандар арасында ызы-чуу башталды.
Бирок мен башкалар сыяктуу эле кезек күтүп турган бир канча депутаттарды, министрдин орун басарларын, ошондой эле белгилүү адамдарды көрдүм. Биз дээрлик 8 сааттай күттүк. Бирок бара-бара аэропорттун кызматкерлери кете башташты. Алгач каттоо жүргүзгөн орундарынан, андан соң паспортторду текшерүүдөн өткөрүүчү жайлардан.
Ар кандай ушактардан улам ызы-чуулар күчөй баштады.
Андан кийин жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгү учак конуучу тарапка чуркап жөнөштү. Паспорт текшерүүчү жайларда эч ким жок болчу. Өткөрмө пункттарындагы тосмолор сынган. Эч кандай жүк текшерүү иштери болгон жок. Биз өткөрмө пунктарынан жөн гана өтүп кеттик. Адамдар акыркы учакты көздөй жүгүрө башташты.
Жарандар учууга аракет кылган бир каттам бар болчу.
Биз учуу-конуу тилкесинен анча алыс эмес жердеги учактардын канатынын астында "орун жетип калар" деген үмүт менен отурган көптөгөн адамдарды көрдүк. Адамдар нес болуп калышты. Бир учактан экинчисине чуркай башташты", - деп билдирген окуянын күбөсү.
Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, Тажикстанга качып кеткени маалым болгон. Учурда талибдер бийликти тынчтык жолу менен тез арада өткөрүп алууну күтүп жатышканы айтылууда.