Түркиянын түндүгүндө орун алган суу ташкынынан улам каза болгондордун жалпы саны 57ге жетти. Ошондой эле сел катталган аймактарда дагы 76 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргенин жергиликтүү басылмалар кабарлады.
Министрдин айтымында, жаратылыш кырсыгынан 284 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Мындан тышкары селдин кесепетинен 454 имарат жараксыз абалга келген.
Эске салсак, 11-августтагы нөшөрлөгөн жаан Түркиянын Кастамон, Синоп жана Бартын провинцияларында суу ташкынын пайда кылган. Селдин кесепетинен 300гө жакын калктуу конуш электр жарыгысыз калганы айтылган. Ошондой эле кырсык көптөгөн үйлөрдү, унааларды жана көпүрөлөрдү жарактан чыгарганы маалымдалган.