"Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мохаммад Наим Ооганстандагы согуштун аяктаганын жана өлкөдөгү башкаруу формасы жакынкы убакта ачык-айкын болорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Биз 20 жыл мурун өлкөбүздө башталган бул согушту токтоттук", - дейт Мохаммад Наим.
Ошондой эле оогандыктарга жана чет элдик дипломаттарга коопсуздук кепилдиктерин айтып өттү. Анын айтымында, талибдер бардык ооган лидерлери менен маектешүүгө даяр жана алардын коопсуздугуна кепилдик беришет.
Мындан тышкары маектешүү аркылуу коомчулуктун коркуу сезимин басууга жана башка мамлекеттер менен байланышты сактоого даяр экенин билдирген.
Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, Тажикстанга качып кеткени маалым болгон. Учурда талибдер бийликти тынчтык жолу менен тез арада өткөрүп алууну күтүп жатышканы айтылууда.