60тан ашуун өлкө Ооганстандагы абал боюнча биргелешкен билдирүү таратты

60тан ашуун өлкө Ооганстандан чет өлкөлүк жарандардын коопсуз чыгып кетүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүүсүнө таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, билдирүүнү АКШ, Канада, Африканын кээ бир штаттары, Латын Америка, Украина, Европа өлкөлөрү жана башка 60тан ашуун мамлекет колдогон. Өлкөлөр Ооганстандан кетүүнү каалаган чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын коопсуз кетүүсүн камсыздоого, жолдорду, аэропортторду, чек ара бекеттерин ачык калтырууга жана тынчтыкты сактоого чакырышты.

"Ооган эли коопсуз жашоого татыктуу. Биз аларга жардам берүүгө даярбыз. Чет өлкөлүк жарандардын жана оогандыктардын коопсуз жана тартипти сактоо менен өлкөдөн чыгуусун урматтоого жана көмөктөшүүгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 15-августта талибдер Ооганстандын бардык аймагында көзөмөл орнотулганын жарыялашкан. Ооганстандын администрациясы бийликти талибдерге өткөрүп бере турган убактылуу кеңешке өткөрүлгөн. Ал эми президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-08-16 16:27:49
Куру сөзүңөр, билдирүүлөр, медиалар менен эч нерсе чечилбейт!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан