УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ооганстандагы саясий кырдаалга байланыштуу өлкөдөгү жогорку окуу жайларында окууну каалаган 500гө чейин студентти кабыл алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Акыркы жумаларда Ооганстанда болгон тез социалдык-саясий өзгөрүүлөр, коомдогу тынчтык жана стабилдүүлүк канчалык алсыз экенин көрсөттү. Кыргыз коомчулугу Ооганстандагы окуяларга абдан тынчсыздануу менен карап жатышат. Биз ооган элинин оор сыноолорду башынан өткөргөнүн түшүнөбүз, Ооганстандын ар кандай саясий күчтөрү, өлкө үчүн жоопкерчиликти алып, дароо сүйлөшүү столуна отуруп, өз элинин кызыкчылыгында жана маанилүү бир чечимге келишине чын дилибизден ишенебиз.
Кыргыз өлкөсүн өзгөчө тынчсыздандырган нерсе ооган жаштарынын тагдыры, айрыкча жаш кыздар. Алар кыргыз жаштары сыяктуу эле заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат.
Биз өлкөнүн экономикасына байланыштуу миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз. Ушул себептен улам таланттуу ооган студенттерине Кыргыз өлкөсүнүн университеттеринде билим алуу үчүн студенттик виза берүү менен аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү милдетибиз деп эсептейбиз. Биздин университеттер региондогу эң эркин жана эл аралык университеттердин катарында.
Биз жогорку окуу жайларында окууну каалаган 500гө чейин студентти кабыл алууга даярбыз. Алар Кыргыз өлкөсүнө келүү, турак жай табуу, университет тандоо жана окуу акысын төлөө маселесин өз алдынча чечиши керек болот. Ошол эле учурда Билим берүү министрлиги жана билим берүү мекемелери оогандык студенттерге отурукташууга, ылайыктуу университетти жана окуу багытын тандоого жардам берүү үчүн консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт", - деп жазылат билдирүүдө.