Мурунку транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун сайтында жарыяланды.
Буга чейин президенттин жарлыгына ылайык, Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалган. Ал эми Гүлмира Абдралиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулганы жазылган.